Путин Кыргызстандын РФтеги элчисинен ишеним грамотасын алды. Видео

Владимир Путин Кыргызстандын Россиядагы жаңы элчиси Аликбек Жекшенкуловдон ишеним грамотасын алды.
Sputnik

Иш-чара салтанаттуу түрдө Кремль сарайынын Александр залында өттү. RT телеканалы аны түз эфирде көрсөттү.

Мэр Суракматов Россия элчиси Удовиченко менен жолукту
Жекшенкуловдон сырткары, Россиянын лидери чет элдик 18 жаңы элчини кабыл алды. Мамлекет башчысына ишеним грамотасын Конго, Сьерра-Леоне, Бразилия, Эфиопия, Белоруссия, Никарагуа, Түркия, Хорватия, Намибия, Мавритания, Афганистан, Греция, Корея, Кипр, Коста-Рика, Сейшел аралдары жана Ботсвананын элчилери ишеним грамотасын тапшырды.

Аликбек Жекшенкулов 2019-жылдын январь айында Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалган. Ага чейин элчиликти экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууганы Болот Отунбаев жетектеп келген.