Акын, жазуучу Омор Султанов 1935-жылы 6-ноябрда Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, эмгек жолун "Ала-Тоо" журналында баштаган. 1971-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун жетекчисинин экинчи катчысы, СССР Жазуучулар союзунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Алыкул Осмонов атындагы адабий бирикменин жетекчиси болгон. Акындын чыгармалары, макалалары 1953-жылдан баштап жарык көрө баштаган. "Жаңы Ала-Тоо" журналын негиздегендердин бири.
Омор Султановдун накыл кептери:
Күндө өткөрүп көр турмуштун тирлигин
Замандаштар билбей кимдин кимдигин,
Убагында ушаланган өмүрдүн
Өтөт экен баалай албай бир-бирин.
***
Мен билген ошол кызык абышкалар
Түгөнүп же баратат көзү көрбөй.
Турмушту кайдан гана барып көрбө
Көз ирмем токтолбогон айлампалар.
Басышты өткөндөрдүн ордун элде
Башкача каадасы бар абышкалар.
***
Ууруларга уурдап бере баштады
Ууру жолго түшүп алган байкуштар.
Ууру жолдор уурдаганга алпарат
Аны билип көрүп турат чар-тарап.
Миң мертебе калп айттырып кудайга
Жалап-жуктап сөз айттырат чампалап.
***
Президенттер качып кеткен, качалек
Балага окшош итий болуп басалек.
Кетишти го үмүттү үйлөп өчүрүп
Жыйырма жылдай эл эс алып жаталек.
Президенттер боло турган бир короо
Жан талашып акча жыйнап шайлоого.
А дыйкандар үрөн жыйнап жан үрөп
Кам урууда күздүк эгин айдоого.
***
Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым жашоодо көп жакшылык бар.
***
Адам өзүнүн балалыгын сагынып жүрүп карыйт тура.