Нарын шаарынын борборундагы тротуарлар оңдолууда. Сүрөттөр

Тротуардын узундугу 380 метрди түзөт.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Учурда Нарын шаарынын батыш тарабындагы билим берүү мекемелеринин тушуна жөө адамдар басуучу тротуар жасалып жатат. Анын узундугу 380 метрди түзүп, таш төшөлүп, эки жагына арыктар салынат. Бул тууралуу калаа бийлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жумуштар республикалык бюджеттин үлүштүк (дем берүүчү) гранты аркылуу ишке ашууда. Долбоордун жалпы баасы 1 миллион 800 миң сомду түзөт.

"Мунун ичинен 527 миң сому Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен өздүк салым катары каржыланды. Курулуш ишин тендерден утуп алган "Кайыңды-М" жоопкерчилиги чектелген коом жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Мэриянын кабарлашынча, аталган аймакта тротуардын жоктугу көп жылдардан бери көйгөй болуп келген. Ушундай эле иштер шаардын башка аймактарында дагы улантылат.