Кыргызстандын аймактары климаттын өзгөрүшүнө даярдык көрүүдө

БУУ өлкөнүн аймактарын климаттын өзгөрүшүнө даядоо үчүн каражат бөлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарында мамлекеттик органдар менен жеке секторлор климаттын өзгөрүшүнө даярдык көрүү боюнча консультацияларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чараны Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги менен ФАО биргеликте уюштурган.

Маалыматка караганда, 2015-жылдан бери жогоруда аталган мамагенттиктин мойнунда БУУнун Жашыл климат фонду менен иш алып баруу милдети турат. 2017-жылы агенттик фонд менен иштешүү үчүн грант сураган.

"Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги программаны ишке ашырууга тийиштүү органдарды тартууга бардык аракетин жумшап жатат. Климаттын глобалдык өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан терс көрүнүштөрдү азайтуу үчүн ички жана тышкы ресурстарды колдонуу керек", — деп айтылат маалыматта.

Мексика жайдын саратанында бир метр жааган кардын алдында калды. Видео
Ошондой эле мындай консультациялардын арты менен тараптардын климаттын өзгөрүшү боюнча билими жогорулай турганы белгиленди.

БУУ климаттын өзгөрүшү азык-түлүктү өндүрүүдө көйгөй жаратып, суунун деңгээлин көтөрүп, жаратылыш кырсыктарына алып келиши мүмкүн деген пикирде. Ошондой эле аталган уюм климаттын өзгөрүшүнө азыртадан даярдык көрүлбөсө кийин чыгымдар көбөйүп кетерин белгилейт.