Бишкекте ЦУМдун жанынан чет элдикти сабаган киши кармалды

Окуя 2-июль күнү болжол менен саат 16.00дө болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Шаардык милиция Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанынан чет элдикти сабады делген шектүү кишини кармады. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Бишкекте ЦУМдун жанынан чет элдикти сабаган киши кармалды

Бишкекте эки баланы сабап, биринин кулагын жабыркаткан киши камакка алынды
Эскерте кетсек, окуя 2-июль күнү болжол менен саат 16.00дө ЦУМдун жанынан болгон. Чет элдик жаранды бейтааныш киши бир чаап, соккудан улам ал асфальтка кулап эс-учун жоготкон. Жабырлануучунун реанимацияда комада жатканы айтылган.

Премьер аталган фактынын бетин тез арада ачууну ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тапшырган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Свердлов РИИБдин криминалдык кызматы тарабынан шектүү катары Ысык-Көл облусунун 22 жаштагы тургуну кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.