Атамбаевдин тарапташтарынын койгон талаптары. Резолюция

Тынчтык митинги "Форум" имаратынын алдында өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Бишкектеги "Форум" ишканасынын алдында Атамбаевдин тарапташтары өткөргөн тынчтык митингдин соңунда жети пунктудан турган резолюция кабыл алынды.

Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулган эл микроавтобустар менен "Форум" имаратынын алдына келип, саат 16:00дөр чамасында митинг башталган. Анда чогулгандар бийликке болгон нааразычылыктарын айтышкан. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бийликке карата бир катар сындарын айткан.

УКМК: зарыл болсо Атамбаевдин жан сакчыларын көбөйтүүгө даярбыз
Кабыл алынган резолюцияга өлкөдөгү мыйзамсыздыкты токтотуп, өкмөт токтоосуз отставкага кетиши керек деген пункт киргизилди. Андан сырткары, укук коргоо органдарын түп тамыры менен өзгөртүп, УКМК, ИИМ жана Башкы прокуратуранын жетекчилерин алмаштыруу да талабы коюлду.

Бейкүнөө абакта жаткан саясий оппоненттер бошотулуп, алардын ишин адилеттүү тергөө сунушталды.

Мамлекеттик бийликтин беделин кетирген жетекчилер люстрацияланып, мамлекеттик аппаратты кармоого кеткен чыгымдарды кыскартуу маселеси да резолюцияга киргизилди. Аны менен катар бийликтеги эски элита кетип, жаңы элдик лидерлер келсин деген талап айтылды.

Эгер бул талаптар эки айдын ичинде аткарылбаса элдик штабга президент Сооронбай Жээнбековду мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү жана парламентти таратууну талап кылган массалык нааразычылык акциясын өткөрүү тапшырылды.