Атамбаев жана анын тарапташтары. Бишкекте өткөн митингден 12 сүрөт

Sputnik

Мурдагы президент Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүндө чогулган эл микроавтобустар менен "Форум" имаратынын алдына келип, саат 16:00дөр чамасында митинг башталган. Анда чогулгандар бийликке болгон нааразычылыктарын билдирген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы бийликке карата бир катар сындарын айтты.

1 / 12
Атамбаевдин тарапташтары "Форум" имаратынын алдына келип, митинг саат 16:00дөр чамасында башталды
2 / 12
Мурдагы президентти колдогондор Кой-Таш айылынан микроавтобустар менен "Форумду" көздөй жөнөштү...
3 / 12
...25тей автоунаа менен баргандар да болду
4 / 12
Митингде башаламандыкка жол берилген жок
5 / 12
Атамбаев эл алдына чыгып эч кимден коркпой турганын, анткени үстүндө Кудайы, артында колдогон эли бар экенине токтолду
6 / 12
Мурдагы президент бийликке жаңы лидерлер келиши керектигин, аларды колдоо үчүн бардык аракетин көрө турганын белгиледи
7 / 12
Атамбаевден сырткары, анын тарапташтары дагы чыгып сөз сүйлөдү
8 / 12
Тынчтык акциясына 1500 миңге чукул киши катышты
9 / 12
Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселеси көтөрүлгөндө Кой-Ташка анын тарапташтары чогула баштаган, алардын катарында экс-депутат Мээрбек Мискенбаев дагы бар
10 / 12
Жогорку Кеңештин депутаттары Анвар Артыков менен Асел Кодуранова Атамбаевди колдой тургандыктарын айтып, иш-чараларга катышып келишет
11 / 12
Митингдин жыйынтыгында азыркы бийликке 7 талап коюлуп, резолюция кабыл алынды...
12 / 12
...резолюциядагы талаптарды келген эл колдоого алды.