Тамчыга Казакстандан туристтерди ташып келген учак конду

Өткөн жумада туристтик сезондун ачылышына карата Ысык-Көлгө Өзбекстандан туристтер жана журналисттер учуп келген эле.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту быйыл алгачкы жолу "Алматы — Тамчы — Алматы" каттамын кабыл алды. Бул тууралуу Жолдор жана транспорт министрлигинен билдиришти.

QAZAQ Air компаниясынын учагы 74 жүргүнчүсү менен 1-июлда келип конду.

Каттам аптасына эки ирет, дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Эске салсак, өткөн жумада туристтик сезондун ачылышына карата Ысык-Көлгө Өзбекстандан туристтер жана журналисттер учуп келген.