Радио

Абдивалиев: 24 жашымда эл аралык деңгээлдеги калыс болдум

Даниял Абдивалиев Кыргызстандын тарыхында шахмат оюну боюнча эң кыска убакта эл аралык деңгээлдеги калыс болууга жетишкенин айтты.
Sputnik
Абдивалиев: 24 жашымда эл аралык деңгээлдеги калыс болдум

Кыргызстанда шахмат боюнча эл аралык деңгээлдеги төрт гана калыс бар. Бул тууралуу Даниял Абдивалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өзү мындай ийгиликке 24 жашында жетишкен.

"Буга чейин Кыргызстанда шахмат оюну боюнча эл аралык деңгээлдеги үч гана калыс бар болчу. Алардын эң жашы 40 жашта эле. Андан кийин төртүнчү болуп мен ал кишилердин катарына 24 жашымда кошулууга жетиштим. Бул да болсо Кудайдын берген белеги, мүмкүнчүлүгү", — деди Абдивалиев.

Ал өзүнө шахмат ойногон да, калыстык кылган да жагарын кошумчалады.