БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бүгүн, 2-июлда, Ош шаарынын башчысы Таалайбек Сарыбашов таңкы саат 05:30дан баштап шаардагы Курманжан датка көчөсүн кыдырып чыкты. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
Рейдге мэр менен кошо вице-мэрлер жана тийиштүү кызматтардын жетекчилери чыккан. Сарыбашов аларга арыктарды тазалап, жөө адамдар баса турган жерлердеги курулуштарды жана эскирген көрнөк-жарнактарды алып салуу тапшырмасын берген.
"Борбордук көчөдөгү арыктар жакшы тазаланган эмес. Көзөмөлгө алгыла! Тротуарга курулган курулуштардын ээлерине эскертүү берип, бузгула. Тазалыкка да өзгөчө көңүл бурулушу керек. Мен бул көчөгө кайрадан келип, берилген тапшырмалардын канчалык аткарылганын текшерем. Шаар деген шаардай болуш керек. Жол четиндеги ар кандай жеке ишканалар, дүкөн ээлери эшигинин алдын оңдоп, гүл эксин", — деди мэр.
Маалыматта калаа башчысы көйгөйлөр менен жеринен таанышуу иштерин улантары кошумчаланган.