Кыргызстандын шаарларында жашагандар канча чарчы жерге ээ. График

2010-жылдан тарта шаардыктар ээлик кылган турак-жайдын аянты азайып келе жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Шаардыктардын жашаган жери жыл сайын азайып бара жатканын Улуттук статистика комитети билдирди.

Кыргызстандын шаарларында жашагандар канча чарчы жерге ээ. График

2018-жылдын аягына алынган маалымат боюнча, шаардык ар бир тургунга 14,1 чарчы метр туура келген. Эң начар абал 2005-жылга (13,9 чарчы метр) туура келет. Жакшы көрсөткүч 2010-жылы болгон. Бул жылы ар бир шаардыкка 23,2 чарчы метр туура келген.

Мындай көрсөткүч шаарларда батирлер менен үйлөр аз салына баштаганынан улам болушу ыктымал.