Радио

Чыныбаев: сабак өтүүдө англис тилине басым жасап жатабыз

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окуу иштери боюнча проректору Мирлан Чыныбаев аталган окуу жайда алты факультет, төрт институт жана аймактарда да төрт филиал бар экенин айтты.
Sputnik
Чыныбаев: сабак өтүүдө англис тилине басым жасап жатабыз

Кыргыз мамлекеттик техникалык университети энергетика, транспорт, машина куруу, жеңил тамак-аш өнөр жайы жана IT тармагында эмгектенчү адистерди даярдайт. Бул тууралуу Мирлан Чыныбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, абитуриенттерди башка окуу жайлардай эле ЖРТ аркылуу 8-июлдан тарта кабыл ала баштайт.

"8-июлда абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру, 15-июлда 2-туру, ал эми 22-июлда 3-туру башталат. Бул жылы сабак өтүүдө англис тилине көбүрөөк көңүл бурулууда. Ошондой эле чет өлкөлүк окуу жайлар менен кызматташууга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип жатабыз", — деди проректор.

Ал аталган окуу жайга жыл сайын 1000дей чет өлкөлүк студент окууга тапшырарын кошумчалады.