Тебетейчен кыргыз кыз Франциянын шаарын көрккө бөлөдү. Сүрөт

Граффити 100 чарчы метр жерге JUST DO PAINT эл аралык арт фестивалынын алкагында тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Франциянын Сан Брие шаарында улуттук кийимчен кыргыз кыздын граффитиси тартылды. Бул тууралуу BASICOLORS арт-тобу билдирди.

Ага ылайык, граффити 100 чарчы метр жерге JUST DO PAINT эл аралык арт фестивалынын алкагында тартылган.

Аталган конкурска Франциядан, Италиядан, Германиядан, Түштүк Америкадан, Малайзиядан жана Кыргызстандан отуздан ашык сүрөтчү барган.

"Бир жума бою сүрөтчүлөр көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарына түрдүү сүрөттөрдү тартып, арт-инсталляцияларды орнотушкан. Фестивалдын алкагында заманбап искусствонун көргөзмөсү уюштурулуп, жаш сүрөтчүлөргө мастер-класстар өткөрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Австралиянын Мельбурн шаарына калпак кийген кыргыздын сүрөтү тартылган болчу.