Жайылда сууга түшүп кетти деп болжолдонгон жол тандабас изделүүдө

Автоунаанын ичиндеги кишилердин санын учурда укук коргоо органдары тактап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Жайыл районунда Көкөмерен суусуна түшүп кетти делген жол тандабас изделип жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Аламүдүн дарыясына агып кеткен кишинин сөөгү табылды
Кырсык тууралуу билдирүү 30-июнь күнү болжол менен саат 10.00дө түшкөн. Анда автоунаа Кызыл-Ой айылынын тушунан сууга түшүп кеткени айтылган. Издөө иштерине ӨКМ куткаруучулары менен айдоочунун туугандары чыккан.

ӨКМдин маалыматы боюнча, жардан дөңгөлөктүн изи, ошондой эле унаанын кулап кеткенин көргөн күбө табылган. Анын айтымында, машинанын ичинде бир нече киши болгон.

Учурда издөө иштери жүрүүдө. Укук коргоо органдары жүргүнчүлөрдүн санын тактап жатат.