УКМК: Казакстандан мыйзамсыз келген күйүүчү майдын чыгымы кайтарылды

Буга чейин өлкө аймагына Казакстандан темир жол аркылуу милдеттүү салык төлөмдөрүсүз күйүүчү жана майлоочу материалдарды киргизүү каналдары аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Кыргызстанга Казакстандан аткезчилик менен күйүүчү май алып келүүдө мамлекеттик бюджетке келтирилген 6 миллион 543 миң сом депозиттик эсепке которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан (УКМК) билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул чыгымды "П.П.К." ЖЧКсы келтиргени аныкталды.

"Буга чейин өлкө аймагына Казакстандан темир жол аркылуу милдеттүү салык төлөмдөрүсүз күйүүчү жана майлоочу материалдарды киргизүү каналдары аныкталган. Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө "Кара-Арча" жана "Кант" темир жол станциясынан Кыргызстанга алып келинген беш цистерна күйүүчү май кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан иликтөө иштери улантылып жатат.