Түркияда уурулукка шектелген кыргызстандык учакка түшүп жатып кармалды. Видео

Кармалган жаран Манавгат шаарындагы фирмалардын биринин кеңсесинде уурулук кылган деп айыпталууда.
Sputnik

Түркиянын Анталия шаарында укук коргоо органдары кыргызстандык жаранды уча турчу учакка түшкөн жеринен кармашты. Бул тууралуу Haberler порталы жазды.

Турист капчыгын уурдатып жатканын видеого тартып алган
Ага ылайык, кармалган жаран уурулукка айыпталууда. Ал Манавгат шаарындагы фирмалардын биринин кеңсесинен ноутбук менен акча салчу сумка уурдаган. Анын бул кылыгы байкоо камераларына түшүп калган.

Кармалган жаран Сида шаарындагы беш жылдыздуу мейманканалардын биринде иштей турганы аныкталган. Полиция бөлүмүндө сурак берүү учурунда жасагандарын моюндап, өкүнөрүн айткан.