"Анкарада кыргыз кызды топ балдар зордуктады" деген видеону УКМК териштирет

Социалдык тармакта топ балдар азиат түспөлүндөгү кызды зордуктап жатканы тартылган видео тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы "Анкарада кыргызстандык кыз зордукталды" деп интернетте тарап жаткан видеону "фейк болушу мүмкүн" экенин айтты.

Аялын зордукчуларга салып берип Кыргызстанга качкан казак жараны кайтарылды
Социалдык тармакта топ балдар азиат түспөлүндөгү кызды зордуктап жатканы тартылган видео тараган. Ошол эле маалда аудио да жарыяланып, кордук көргөн кыз кыргызстандык экенин, окуя Түркиянын Анкара шаарында болгонун айтышкан.

УКМК бул боюнча текшерүү башталганын, анын жыйынтыгына жараша толук маалымат берерин билдирди.

Соцтармакта да мекендештерди чагымчылдыкка алдырбоого чакырып жаткандарды байкоого болот.

Ал видео порнографиялык сайттар үчүн тартылышы ыктымалдыгы да болжолдонду.