Прокуратура: №38 мектепке балдар жасалма документ менен кабыл алынган

Жасалма документ даярдоого Бишкектин Свердлов райондук акимиатынын кызматкерлери айыпталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук прокуратурасы №38 мектеп-гимназиясына балдар жасалма документ аркылуу кабыл алынганын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, Муниципалдык аймактык башкармалыктын кызматкерлери 2019-жылдын февраль айынан майга чейинки аралыкта ата-энелерге жашаган жери боюнча 14 справканы мыйзамсыз негизде берген. Жарандар ал кагаз менен электрондук каттоо аркылуу балдарын №38 мектеп-гимназиясына киргизүүгө аракет жасашкан.

"Мисалы, үстүбүздөгү жылдын 12-февралында мектеп М.А. аттуу баланын документтерин кабыл алган. Анын ичинде жашаган жери тууралуу справка дагы болгон. Анда "Тунгучта" жашаган бала "Аламүдүн-1" кичи районунун тургуну катары көрсөтүлгөн. Демек, анын №38 мектепке кирүүгө укугу жок эле", — деп айтылат билдирүүдө.

Прокуратуранын маалыматына караганда, райондун администрациянын өкүлдөрү Муниципалдык аймактык башкармалыктан бош бланка алып, мыйзамсыз негизде толтуруу менен ата-энелерге беришкен.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.