Ош облусунда жоокер өз жанын кыйды. Ал уурулукка шектелип жүргөн

Анын сөөгү туугандарынын үйүнөн табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ош облусунун Гүлчө айылындагы аскер бөлүгүндө Кургактагы аскерлердин ефрейтору өмүрүнө кол салганын Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя бүгүн болуп, аскердин сөөгү туугандарынын үйүнөн табылган. Генералдык штабдан кабарлашкандай, маркум жоокер былтыр май айынан бери уурулук боюнча айыпталып жаткан. Оштун милициясы сотко чейинки ишти баштады.

Аскер прокуратурасынын Ош гарнизону менен Алай РИИБдин милициясы тергөө иштерин жүргүзүүдө.