Мексика жайдын саратанында бир метр жааган кардын алдында калды. Видео

Жергиликтүү бийлик бак-дарактар сынып, суу ташкындап жатканын маалымдады.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Мексиканын Гвадалахара шаары калың кардын алдында калганын ВВС телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым жерде кардын калыңдыгы 1,5 метрге жетет. Кар жааган учурда шаарда күндүн ысыгы 30 градусту көрсөтүп жаткан.

Аймактын губернатору ойго келбеген окуя болгонун айтты.

"Мына, чындап эле глобалдык климат алмашып жатабы деп сурап коёбуз. Жаратылыштын мындай кубулушун биз көрө элек болчубуз", — деди губернатор.

Жергиликтүү бийлик бак-дарактар сынып, суу ташкындап жатканын маалымдады.

Гвадалахара шаары Мексиканын түндүгүндө жайгашып, калкы беш миллионго жетет.