Ысык-Көлдө жаш шахматчылар Карповдун кубогу үчүн ат салышат

Мелдешке КМШ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн спортчулар келет.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө белгилүү шахматчы Анатолий Карповдун кубогу ойнотулат. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Абдивалиев: шахмат ойногон балдардын ой жүгүртүүсү бат өсөт
Маалыматка ылайык, экинчи жолу өтө турган мелдеш 29-июлдан 8-августка чейин Чолпон-Ата шаарында болот. Ага алты жаштан 14 жашка чейинки балдар жана кыздар катышат.

Президенттик аппарат, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Шахмат федерациясы уюштуруп жаткан турнирде КМШ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн спортчулары ат салышат.