Asia Mall соода борборунда өрт чыкты

Өрт төртүнчү кабатта жайгашкан кафелердин бириндеги аба сордургучтан чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкектеги Asia Mall соода борборунда өрт чыкты. ӨКМдин берген маалыматы боюнча, кырсык тууралуу билдирүү саат 13:50дө түшкөн.

Кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүүчү автоунаа тартылган. Өрт 4-кабатта жайгашкан кафелердин бириндеги аба сордургучтан чыккан.

Тилсиз жоо саат 14:46да өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.