Караколдогу мааракеде 1,5 тонна ашлям-фу жасалып, элге таратылды. Сүрөттөр

Ашлям-фуну төрт миңден ашуун жаран ооз тийди.
Sputnik

ЫСЫК-КӨЛ, 1-июл. — Sputnik. Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесине карата 1,5 тонна ашлям-фу даярдалып, элге таратылды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Анын айтымында, ашлям-фунун крахмалы менен соусу 30-июндун түнүндө даярдалган. Ал эми кесмеси бүгүн, 1-июлда бышырылды. Башкы ашпозчу Рамиля Ванхошан ашлям-фуну даярдоо ыкмасы илгертен бери сыр бойдон сакталып келерин белгиледи.

"1,5 тонна азыкты 10 ашпозчу бышырды. Тамак дунган элине таандык болгондуктан Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында жашаган дунган ашпозчулар даярдашты", — деди кабарчы.

Ашлям-фу төрт миңден ашуун жаранга бекер таратылды.