Ысык-Көлдү уктабай айлана чуркап өткөн улук сержант сыйланды

Улуттук гвардиянын улук сержанты эми 560 чакырымды уктабай чуркап өтүп, дүйнөлүк рекорд коюуну пландап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. КРдин куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев Ысык-Көлдү айлана чуркаган Улуттук гвардиянын улук сержанты Кайратбек Рапиевди сыйлады. Бул тууралуу Генералдык штабдан кабарлашты.

26-июнда Улуттук гвардиянын №10121 аскер бөлүгүнүн улук сержанты Рапиев ультрамарафонго чыккан. Ал бул марафонун Улуттук гвардиянын 27 жылдыгына арнаган. Андан сырткары, жаштарды сергек жашоо мүнөзүнө үндөөнү максат кылган.

Надыров: эл аралык марафондордун арты менен туризм да өнүгүп жатат
Жыйынтыгында Рапиев Ысык-Көлду 43 саат 55 мүнөттө уктабай айланып чуркап чыккан.

Генералдык штабдын башчысы алгач сержанттын ден соолугун сурап, анын чуркаганына көз салып турганын айтты. Ага экинчи деңгээлдеги "Аскер кызматындагы өзгөчөлүгү үчүн" медаль тапшырылды.

Рапиев өз кезегинде марафонго болгон даярдыктары жана аскер кызматындагы спортко болгон кызыгуусу тууралуу айтып берди. Аны менен катар ал америкалык Дин Карнасистин рекордун жаңылоону пландап жатат. Карнасис 2005-жылы 560 чакырымды 80 саат 44 мүнөттө уктабай чуркап өткөн.