Бишкектин көчөлөрү саат сайын "сугарылып" жатат. Сүрөттөр

Акыркы күндөрү абанын температурасы 37 градуска чейин көтөрүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкектин "Тазалык" муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүн саат сайын жууп жатканын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда көчөдө иштеп жаткан сегиз унаа сегиз тонна суу менен жүрөт. Жууп-тазалоо жумуштары Абдрахманов, Чүй, Шопоков, Ибраимов, Фрунзе, Москва, Токтогул, Киев көчөлөрүндө жасалып жатат.

Мындан тышкары, "Тазалык" шаарды түн ичинде да жууганын улантууда. Бул үчүн күн сайын 11 атайын техника тартылат. Шаар көчөлөрүн жууп-тазалоо иштери түнкү саат 2-3төрдө башталып, эртең мененки 7ге чейин жүргүзүлүүдө.