Токмоктогу негизги жолго жер үстүнөн өтчү өтмөк курулууда

Көпүрөнү ушул жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 63-чакырымында (Токмок шаары) жөө адамдар үчүн жер үстүнөн өтүүчү өтмөк курулууда. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Бишкектин түштүгүндөгү кичи райондун жолу оңдолуп, ачылды. Сүрөт
Маалыматка ылайык, учурда жер казуу жана бетон коюу иштери соңуна чыгып, өтмөк тургузула баштады. Анын узундугу 30 метр, туурасы 3 метрди түзөт. Ушул жылдын сентябрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.

Мындан сырткары, Орловка — Шамшы жана Кең-Булуң — Винсовхоз жолдоруна бир чакырым аралыкка асфальт төшөлө турганы айтылат. Ал эми Орловка — Маданият — Шамшы, Токмок — Кошой, Токмок — Шамшы — Туюк унаа жолдору жана Кант — Чүй көпүрөсүнүн аң-чөнөктөрү оңдоодон өткөн.