Бишкекте эки райондун акими алмашты

Акимдердин бири мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси кызматына которулду.
Sputnik

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкекте Биринчи Май жана Ленин райондорунун акимдери алмашканын мэриядан билдиришти.

Маалымат департаментинин башчылыгына Салкын Сарногоева дайындалды
Тийиштүү буйрукка мэр Азиз Суракматов кол койгон.

Ленин районунун акими Нурдин Тынаев (2016-жылдан бери иштеп келген) мэриянын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси кызматына которулду. Анын ордуна Биринчи Май районунун жетекчиси Токтосун Султанов келди. Ал эми Султановдун ордуна Алибек Биримкулов дайындалды. Ал Сокулук районунун аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсү болчу. Ага чейин Сокулук менен Панфилов райондорунун администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.