Чыңгыз Айтматов ушул бөлмөлөрдө жашоо кечирген. Залкардын үй-музейинен сүрөттөр

Sputnik

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Чыңгыз Айматовдун үй-музейинен сүрөт түрмөгүн сунуштайт. Буга чейин видеосу дагы чыккан.

Жазуучунун уулу Элдар Айтматовдун айтымында, бул үйдө жазуучу 1984-жылдан тарта жашаган. Капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин, 2014-жылы, үй-бүлөлүк демилге менен үй-музей болуп ачылган.

Музей 7-8 бөлмөдөн турат. Киши жашап жүргөндөй керектүү оокат-кеченин бардыгы жайгашканын көрүүгө болот. Үйдүн экинчи жарымында жазуучунун уулу Элдар Айтматов үй-бүлөсү менен жашайт. Жазуучунун атындагы эл аралык фонд дагы ушул жакта.

Сыртка чыкканда келгендердин көзүнө токтоп турган "Ягуар" унаасы урунат. Ал эми үйдүн короосунан улуган карышкыр менен төөнүн статуясын көрүүгө болот.

Элдар Айтматов белгилегендей, жазуучунун үй-музейин көрөм дегендерге эшик ачык.

1 / 16
Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи шаардын четирээк жагындагы "Ала-Арча" резиденциясында жайгашкан. Биринчи кабатындагы бул далис азыр меймандарды кабыл ала турчу жайга айланган.
2 / 16
Андан кийин узун зал менен басып оң жакка киргенде жазуучу тамактанган бөлмөнү көрүүгө болот.
3 / 16
Ал жерде стол, отургучтар, идиш-аяктар, экспонаттар жана башка буюмдар коюлган.
4 / 16
Маңдайындагы бөлмө — көргөзмө зал. Дубалында Айтматовдун сүрөттөрү илинип, айнек кутуда орден, медаль, сыйлыктары тизилген.
5 / 16
Эки кабат музей 7-8 бөлмөдөн турат.
6 / 16
Жазуучунун уктаган бөлмөсү. Киши жашап жүргөндөй керектүү оокат-кеченин бардыгы жайгашканын көрүүгө болот.
7 / 16
Капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин, 2014-жылы, үй-бүлөлүк демилге менен үй-музей болуп ачылган.
8 / 16
Жазуучу кезинде дал ушул жерден келген конокторду кабыл алып турган экен.
9 / 16
Чыңгыз Айтматовдун китепканасы.
10 / 16
Улуу инсандын иш бөлмөсү.
11 / 16
Үй-музейдин сыртынын көркүн бак-шак ачат.
12 / 16
Сыртка чыкканда келгендердин көзүнө токтоп турган "Ягуар" унаасы урунат. Элдар Айматовдун айтымында, бул унааны атасы чет мамлекетте элчи болуп жүргөндө сатып алып, далай жерди кыдырган.
13 / 16
Ягуар 1992-жылы чыгарылган экен. Аны Чыңгыз Айтматов автосалондон көрүп эле жактырып, сапатына, бышыгына жана ыңгайлуулугуна карап алыптыр.
14 / 16
Мамлекеттик сапар менен келген Россия президенти Владимир Путин Чыңгыз Айматовдун үй-музейине баш багып кеткен.
15 / 16
UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко дагы жазуучунун үй-музейине барып, Элдар Айтматовдун колунан "Дүйнө жараны" наамын алган.
16 / 16
Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан улам көз жумган.