ЖАМК: Өмүрбек Текебаев башка ооруканага которулду

Бир ай мурун Текебаев дарылануу үчүн Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Өмүрбек Текебаев Бишкектин Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Саясатчы 31-майда Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилген болчу.

"Кечээ күнү Өмүрбек Текебаевди Улуттук кардиология жана терапия борборунан которушту. Анын ден соолугу дарылангандан кийин жакшырып калган. Бирок омурткасында көйгөйлөр болгон. Ага чейин саясатчыда грыжа бар экени аныкталган", — деди ЖАМКтын маалымат катчысы.

Текебаевдин иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Салянова ооруканадан тергөө абагына которулду
Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, аны бербесеңер "силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.