Дубайдын эмиринин аялы миллиондогон долларды алып качып кетти

Британиялык ЖМКлардын жазганына караганда, канайым Германияга качып кеткендиктен Араб Эмирлиги менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамиле бир топ чыңалып кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин премьер-министри, Дубайдын эмири шейх Мохаммед бен Рашид Аль Мактумдун аялы Хайя бинт аль-Хусейн ири суммадагы акча менен өлкөдөн качып кеткенин РИА Новости жазды.

Франциянын канайымы Брижит Макрон сериалга тартылды
Басылманын жазышынча, канайым Хайя бинт аль-Хусейн февраль айынан бери элдин көзүнө көрүнө элек. Маалым болгондой, ал 11 жаштагы кызы жана жети жашар баласы менен Германияга качып, ажырашуу үчүн документтерди берген. Канайым өзү менен кошо 31 миллион фунт стерлингди (39 миллион доллар) ала кеткен.

The Sun басылмасы белгилегендей, Хайя бинт аль-Хусейндин бул кадамы Германия менен Бириккен Араб Эмирлигинин ортосундагы дипломатиялык кризиске себеп болгон. Айрым маалыматтар боюнча эмир аялын жана балдарын кайтарып берүү үчүн Германиянын бийлигине кайрылган, бирок немис тарап баш тарткан.