БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Бишкектин борборунда жөө кишини машина коюп кетти. Бул тууралуу күбө WhatsApp каналы аркылуу билдирди.
Жол кырсыгы саат 21:00дөр чамасында Манас проспектиси менен Киев көчөсүнүн кесилишинде болгон.
"Кызыл түстөгү Honda Fit үлгүсүндөгү таксинин айдоочусу жол кырсыгына кабылды. Кишини машина 15 метрдей жерге сүйрөп барды. Ал эсин жоготуп, бир аздан кийин өзүнө келип турганга аракет кылды, бирок тура алган жок. Бир нече убакыттан кийин кырсык болгон жерге тез жардам автоунаасы келип, жабыркаган кишини алып кетти. Таксист окуя болгон жерден качып кеткен жок", - деди күбө.
Шаардык милиция жол кырсыгы болгонун тастыктады. Инспекторлор жеринде иштеп жатат.