БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Биринчи топ ушул жылдын 17-июлуна караган түнү саат 3.45те Бишкектен Мекке шаарына учуп кетет. Жалпы жонунан 18 каттам каралган. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
"Ажылык оңой-олтоң сапар эмес. 30 күн ичинде өмүрүндө биринчи жолу ажылык сапарга чыккан зыяратчылар ар кандай кыйынчылыкка кабылышы мүмкүн. Алардын көңүлүн оорутпай, бардыгына чыдап, ак ниетиңиздерден кызмат кылыңыздар. Сиздер баргандан келгенге чейин болочок ажылардын өмүрүнө, коопсуздугуна, саламаттыгына жооптуусуздар. Андыктан алардын ден соолугун карап, биримдикте болуп, бири-бириңиздерге жардам бериңиздер", — деди муфтий.
Ал ошондой эле ажы башчыларды штабга баш ийип, алардын тапшырмаларын өз убагында аткарууну милдеттендирди.
Эскерте кетсек, быйыл Сауд Аравиясы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн.