Аламүдүн суусуна агып кеткен жигитти 100дөн ашык киши издөөдө

Жалпы 58 куткаруучу, төрт суучул, үч милиционер жана 40ка жакын тургун издөө иштерине катышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Аламүдүн районунун Кой-Таш айылындагы Аламүдүн суусуна түшүп кеткен жаранды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 1993-жылы туулган Б.С. аттуу жаран 29-июнь күнү Аламүдүн суусуна агып кеткен. Саат 13:14тө 112 кызматына билдирүү түшүп, окуя болгон жерге 15 куткаруучу тартылган.

Ал эми 30-июндагы издөө иштерине 58 куткаруучу, төрт суучул, үч милиционер жана 40ка жакын жергиликтүү тургун катышууда.