Эмки апта жаанчыл болобу? Бир жумага карата аба ырайы

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Апта бою бийик тоолуу аймактарда кар, тоо этектеринде жаан жаашы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

30-июнда жана 1-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

2-июлда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-июль күнү өлкөнүн түндүгүнүн тоолуу райондорунда, түштүгүндө тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бирок өрөөндөрүндө күн ачык болот.

4-июлда Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында өткүн өтөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

5-6-июлда температура дээрлик өзгөрүлбөйт.