Саатына 110 чакырым ылдамдыкка уруксат берилеби? Өкмөттүн токтом долбоору

ИИМ ылдамдыкты жогорулатуу боюнча өз жүйөсүн келтирди.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кыргызстанда эл аралык маанидеги трассаларда унаа ылдамдыгын саатына 110 чакырымга чейин жогорулатуу сунушталууда.

ИИМ өкмөттүн токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Бул Бишкек — Нарын — Торугарт жана Бишкек — Ош жолдорунун калктуу конуштардан окчун жайгашкан бөлүгүнө тиешелүү болмокчу. Ал эми бүгүнкү күндө айдоочулар ылдамдыгын саатына 90 чакырымдан ашырбашы керек.

"Коопсуз шаардын" айыптарынан канча сом чогулду. Расмий жооп
ИИМ акыркы жылдары өлкөдө жолдор оңдолуп, айрым бөлүктөрүндө эки тилкени ажыратуучу тосмолор орнотулганын, мындан улам каршы тилкеге чыга калуу сыяктуу жол эрежесин бузгандар кескин азайып калганын жүйө келтирди.

Мындан сырткары, министрликтин негиздемесинде азыркы автоунаалар конструктивдүү коопсуздук эрежелеринин талаптарына жооп берерин белгилеген.

Эгер токтом долбоору кабыл алынып калса, саатына 110 чакырым менен жүрүүгө боло турган аймактар өзүнчө белгиленмекчи.