Дүйнөлүк эпостор фестивалында боз үй, манасчы, дастанчынын мыктысы тандалды

Иш-чара 27-июнда башталган.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бишкекте өткөн Дүйнөлүк эпостор фестивалынын алкагында болгон сынактардын жыйынтыгы чыкканын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Фестиваль 27-июнда башталган. Анын алкагында көчмөн маданиятына арналган симпозиумдар, конференция пландалып, ага КМШ мамлекеттеринен 45ке чукул илимпоз, окумуштуулар келди.

"Мыкты дастанчы" сынагы:

  • 1-орун — Турдукан Сарбанова (40 000 сом);
  • 2-орун — Улук Токтоболот уулу жана Нурсултан Кадыралиев (25 000 сом);
  • 3-орун — Айзада Касаболотова, Гүлбаран Бекмурзаева жана Калыбек Турганов (15 000 сом).

"Мыкты манасчы" сынагы:

  • 1-орун — Жанат Канат уулу (50 000 сом);
  • 2-орун — Нурбек Талантбеков, Гүлжигит Кубанычбеков (30 000 сом);
  • 3-орун — Муса уулу Төлөбек, Улукбек Билашев (20 000 сом).

"Мыкты боз үй" сынагы:

  • 1-орун — Аймыгүл Матанова, Ысык-Көл (70 000 сом);
  • 2-орун — Расан Исаева, Талас облусу (50 000 сом);
  • 3-орун — Таалайкан Аалиева, Бишкек шаары (30 000 сом).