Эки бөлүнүп кеткен аттракциондон кулаган кыз көз жумду. Өзбекстанда иш козголду

"Учуучу тарелка" тең экиге бөлүнүп, жети метр бийиктиктен кулап түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Өзбекстандын Жизак шаарында сынып кеткен аттракциондон көз жумган кыздын өлүмү боюнча иш козголду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

"Истиклол" паркындагы "Учуучу тарелка" аттракциону иштеп жаткан учурунда тең жарымынан сынып, ичиндеги адамдары менен жети метр бийиктиктен кулап түшкөн. Буга чейин интернетте каргашанын ирмемдери жарыяланган. Анда аттракциондун сынып жерге кулаганы көрүнүп турат. Кыйкырган адамдарга жардам берүү үчүн паркта сейилдеп жүргөн башка кишилер чуркап келишкен.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынан билдиришкендей, менчик парктагы аттракцион 2019-жылдын март айынан тарта иштей баштаган.

Ушу тапта кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.