Жекшембиге карата аба ырайы

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Sputnik

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. 30-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткендин тоолуу өрөөндөрүндө өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +31…+36 градус ысык болот.

Ысык-Көл менен Нарында +24…+29 жана Талас жергесинде күндүн табы +30…+35 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы Бишкекте +34…+36, Ошто +33…+35 градусту түзөт.