Радио

Исмаилова: аймакка иштегени барган жаш дарыгерге кошумча депозит төлөнөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова аймактарда дарыгерлер жетишсиз экендигин айтты.
Sputnik
Исмаилова: аймакка иштегени барган жаш дарыгерге кошумча депозит төлөнөт

Учурда жаш дарыгерлерди аймактарга тартуу максатында атайын депозит программасы иштеп жатат. Ага ылайык, элет жергесине иштегени барган жаш адистерге айлыктан сырткары кошумча акча төлөнөт. Бул тууралуу Бактыгүл Исмаилова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаш дарыгерлерди аймактарга тартуу үчүн каражат маселесинен сырткары, жергиликтүү бийлик да колдоо көрсөтүп, жаш адистердин социалдык муктаждыктарын чечип берүү менен тийиштүү шарттарды да түзүп бериши керек.

"Өкмөттүн депозит программасынын алкагында алыскы аймактарга барып иштөөнү каалаган жаш дарыгерлердин атына атайын депозиттик эсеп ачылат. Ага ай сайын, эмгек акыдан сырткары кошумча акча которулат. Бүгүнкү күндө депозиттин көлөмү, болжол менен 3000 сомдун тегерегинде. Бирок бул сумма дагы жогорулашы мүмкүн. Көп болбосо дагы жаш адистерге кошумча көмөк болот. Бирок депозиттик программанын да атайын талаптары бар. Шарт боюнча дарыгер жетишпеген аймактарга барууга даяр, окуусун жаңы аяктаган жаш адис болууга тийиш. Алар комиссиянын кароосунан өтүп, квалификациясы боюнча аймактарга жөнөтүлөт. Жаш дарыгерлер келишим боюнча кеминде үч жыл иштеп келүүгө милдеттендирилет. Андан кийин кааласа келишимди узартса да болот. Мындан тышкары, элет жергесине барып иштеген дарыгерлерди үй менен камсыз кылып, аларга жер тилкелерин да бөлүп берүү маселесин көтөрүп жатабыз. Бул боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эгер сунушубуз кабыл алынса, жаш дарыгерлердин социалдык муктаждыктары толук чечилет", — деди Исмаилова.

Ошондой эле ал учурда элеттиктердин басымдуу бөлүгү кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары, өпкө жана бөйрөк дартына көп чалдыгып жаткандыгын кошумчалады.