Радио

Абдивалиев: шахмат ойногон балдардын ой жүгүртүүсү бат өсөт

Шахмат оюну боюнча эл аралык деңгээлдеги калыс Даниял Абдивалиев шахмат ойногон балдардын ой жүгүртүүсү бат өсөрүн айтты.
Sputnik
Абдивалиев: шахмат ойногон балдардын ой жүгүртүүсү бат өсөт

Эрте жаштан шахмат ойноп баштаган балдар өз алдынча чечим кабыл алууну мыкты өздөштүрө алат. Мындай пикирин Даниял Абдивалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган спорттун түрү менен машыккан 5-6 жаштагы балдар 6-7-класстын окуучуларындай чечим кабыл алышат.

"Шахмат менен алектенген балдар пикирин эркин айтып, өзүнүн позициясын билдире алат. Байкашымча, аталган спорттун түрү менен машыккан 5-6 жаштагы жаш балдар 6-7-класстын шахмат ойнобогон окуучуларындай чечим кабыл алышат. Шахмат ойноо өз алдынча болууга шарт түзөт. Ошол эле учурда мындай балдардын ой жүгүртүүсү бат өсөт", — деди Абдивалиев.

Ал жаш балдар менен иштөө кубаныч жана энергия тартуулай турганын кошумчалады.