Ош: аэропорттун жолундагы кырсыктан 23 жаштагы айдоочу мүрт кетти. Сүрөт

Эки унаадагы үч жүргүнчү ар кандай жаракат менен ооруканага жеткирилген.
Sputnik

ОШ, 28-июн. - Sputnik. Ош шаарында эки автоунаа кагышып, анын кесепетинен 23 жаштагы айдоочу мүрт кетти. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бишкекте үч машина жол кырсыгына учурады. Видео, сүрөт
Маалыматка ылайык, окуя 27-июнь күнү саат 20:45тер чамасында Ош — аэропорт жолунун 10-чакырымында болгон. Кара-Суу районунун тургуну өзүнүн Daewoo Lacetti үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада каршысында келе жаткан Тоyota Estima үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Экинчи унааны Кара-Суу районунун 50 жаштагы жашоочусу айдап бара жаткан.

Кырсыктан улам экинчи унаанын айдоочусу менен калган жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттарды алып, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилген.

Учурда Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.