Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар агартуучу жөнүндө кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Көкөйгө тийген малайчылык. Каюм Мифтаков 1892-жылы 28-июнда Башкортостандын Салават районундагы Насибаш айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-энеси дыйканчылык менен алектенип 16 баланы тарбиялаган, Каюм бешинчиси болгон. Балалыгы кыйынчылыкта өтүп, алты жашында орок оруп, чөп чаап, сегиз жашында коңшу айылдагы туугандарыныкына качып кетип медресеге өткөн. Ал жерде татар, башкырлардын элдик оозеки чыгармаларына кызыгып, кагаз бетине түшүрө баштаган. Ал эми өспүрүм кезинде байлардын коюн кайтарып, балдарынын кат сабатын жоюп, Уфадагы медреседе окуй баштайт.
"Манасты" алгачкылардан болуп жазган. Мифтаков алгачкылардан болуп "Манас" эпосун Сагынбай Орозбаковдун айтуусунда жаздыра баштаган. Ал үчүн атайын экспедиция түзүлүп, анда бир нече адам иштеген. Фольклорчу башында гана катышып, ишти Ыбрайым Абдрахманов соңуна чыгарган. Ошентип залкар манасчынын варианты жазылып калган. Окумуштуулар эгер Каюм ал иштерди демилгелебегенде залкар манасчынын варианты азыркы күнгө чейин жетмек эмес деген пикирде. Анткени ага чейин "Манас" эпосун жазып алуу зарылчылыгын эч ким айтып чыккан эмес.
Кыргыз фольклорун классификациялаган. 1930-жылдары изилдөөчү эл аралап кошок, ашыктык, тарыхый ырларды, уламыш, санжыра, үрп-адат, каада-салттарды жыйнап кагазга түшүрөт. Ал кыргыз элинин оозеки чыгармаларын эле 38 түргө бөлүп, бул боюнча макалаларды гезит беттерине байма-бай жарыялап турган. Аны менен гана чектелбестен, материалдарды басмаканадан чыгарууга аракет жасаган. Айрымдары азыркыга чейин Улуттук илимдер академиясында сакталып, колдонулуп келет.
Кыргызстанды кыя албаган татар. Согуш аяктагандан кийин Мифтаков Фрунзеге кетмей болот, бирок аялы ага макул болбой ажырашып кетишет. Изилдөөчү Башкыртстанга бала-чакасын таштап, 1947-жылы Кыргызстанга келип үйлөнүп, Чоң-Алай, Ноокат районунда чыгармаларды чогултууга киришет. Фольклорчу 55 жашында дүйнөдөн кайтып, сөөгү Чүйдөгү Байтик айылына коюлган.