БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Социалдык тармакта "Коопсуз айыл" деген видео жарыяланып, интернет колдонуучуларын күлкүгө салууда.
Видео 21 миң жолу каралды.
Анда жолго бор менен белгиленген чийинден өтүп бараткан кишини көрүүгө болот. Ал көчөдөн өтүп бараткан машиналарды "чийинди көрбөй жатасыңбы, акырын айда" деп тартипке чакырууда. Айдоочулар да анын талабына көнүп, чийинге келгенде машиналарын жайлатып өтүшүүдө.