Кыргызстандын өспүрүм балбандары Таиланддагы Азия чемпионатына даярданууда

Быйылкы Азия чемпионаты Чонбури (Таиланд) шаарында 9-14-июль күндөрү өтөрү белгилүү болду.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасындагы курама командасы Азия чемпионатына Бишкекте даярданып жатканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Жоламан Шаршенбеков дүйнөдөгү күчтүү үч балбандын катарына кирди
Билдирмеге ылайык, жалпысынан 18 бала Бишкектеги спорт залдардын биринде машыгуу өткөрөт. Анда 28-июндан 6-июлга чейин грек-рим күрөшүнүн балбандары даярданса, 1-июлдан 11-июлга чейин эркин күрөштүн спортчулары камынары айтылат.

Спортчулардын машыгуусу үчүн спорт агенттигинин олимпиадалык дирекциясы тарабынан 396 миң сом каралган.

Быйылкы Азия чемпионаты Чонбури (Таиланд) шаарында 9-14-июль күндөрү өтөрү белгилүү болду.