Фастфуд эркектерди тукумсуздукка кептейт. Окумуштуулардын тыянагы

Адистер изилдөө учурунда үч миң адамдын медициналык маалыматтарын текшерген.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Өспүрүм куракта фастфудду көп жеген адам тукумсуздукка кабылышы мүмкүн. Бул тууралуу "Лайфхакер" Гарвард университетинин окумуштууларына шилтеме берип жазды.

Окумуштуулар үч миң адамдын (орточо курагы 19 жаш) медициналык маалыматтарын иликтеген. Алардын ар бири эмне менен азыктанарын айтып берген. Өспүрүмдөргө болгону төрт варианттын бирин тандоо сунушталган:

  • Кайра иштетилген азык жана майлуу тамактар;
  • Вегетариандардын тамагы;
  • Тоок, балык, жашылча жана жемиш;
  • Кайра иштетилген эт, дан азыктары, балык жана сүт азыктары.

Натыйжада окумуштуулар биринчи вариантты тандагандардын абалы өтө оор экенин байкашкан. Аларда уруктун көлөмү жана кыймылдуулугу начар болору аныкталган.

"Мындай режим менен жашагандардын сперманы иштеп чыгарган сертоли клеткалары алсыз келет", — дешти окумуштуулар.

Илимпоздордун айтымында, туура тамактанууга өтүү менен үч айдын ичинде сперманын көлөмүн көбөйтүүгө болот, бирок сертоли клеткалары калыбына келбейт.