Кантип эс аласыз? Дем алышка карата аба ырайы

Дем алыш күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. 29-30-июнь күндөрү абанын температурасы жогорулаганына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Дем алыш күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт.