Бишкектин түштүгүндөгү кичи райондун жолу оңдолуп, ачылды. Сүрөт

Иш мөөнөтүнөн бир ай мурда аяктады.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкектеги 11-12-кичи райондорунун аймагындагы Нуркамал көчөсү оңдоо иштеринен кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган көчөнүн Каралаев жана Токомбаев көчөлөрү менен кесилишкен аймагындагы асфальт жаңыланып, бордюрлар орнотулган. Ошондой эле жолчулар соода борбору менен маданият үйүнө жакын жерге унаа токтотууга атайын жайларды ылайыкташтырышкан.

Нуркамал көчөсү эки ай ичинде оңдолуп, бир ай эрте бүткөрүлдү (план боюнча 1-августка чейин болчу).