Бишкекте үч машина жол кырсыгына учурады. Видео, сүрөт

Бир киши ооруканага жаткырылса, унаалардын баары айып короого токтотулду.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкекте үч машина жол кырсыгына учураганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланса, сүрөттөрдү Sputnik окурманы "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасына жөнөткөн.

Авария 27-июнь күнү саат 00.10до Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистраль) болгон. Батыш тарапты көздөй бараткан эки BMW 545 унаасынын бири каршысында келе жаткан Toyota 4Runner менен кагышып кеткен. Алардан кыйгап өтөм деген экинчи BMW арыкка түшүп кеткен. 

Бишкекте үч машина жол кырсыгына учурады. Видео, сүрөт

Натыйжада бир киши ооруканага жаткырылып, үч унаа тең айып короого токтотулду. 

Бишкекте үч машина жол кырсыгына учурады. Видео, сүрөт