Башкы прокурор: Атамбаевге каршы Батукаевдин көрсөтмөсү бар

Башкы прокурор экс-президент Атамбаевге коюлуп жаткан айыптар боюнча баяндама жасап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштан алган жер тилкесинде коррупциялык белгилер байкалып турганын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Ал өз сөзүндө Атамбаев жер тилкесин алууда айрым мыйзамдар бузулганын айтты. Андан сырткары, кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушуна да экс-президенттин тийиштиги бар экенин белгиледи.

"Экс-президент Атамбаев Батукаевдин уюшкан кылмыштуу топтун лидери, "мыйзамдагы ууру" каймана атка ээ экендигине, коомчулукка жана коомго өзгөчө коркунуч жаратарына карабастан, аны жаза өтөө жайынан мыйзамсыз бошотууну чечкен. Бул багыттагы иштерди уюштуруу жагы УКМКнын ошол кездеги төрагасы Атахановго тапшырылган. Кылмыштуу иш-чараны аткаруу үчүн Атаханов КРдин укук коргоо, сот жана мамлекеттик кызматтын жогорку адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, Батукаевди жаза өтөө жайынан бошотуу менен аны республиканын аймагынан чыгаруу боюнча тийиштүү чараларды көрүү талаптарын коюп, бошотуу иштери жеке Атамбаев менен макулдашылган", — деди Жамшитов.

Ал сөзү куру болбошу үчүн Батукаевдин көрсөтмөсү колунда экенин кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан ЖК жыйынын түз алып берүүдө.