Атамбаевдин макамы алынган соң иш эмнеден башталат. Башкы прокурордун жообу

Жамшитов азырынча Атамбаевге кылмыш иши козголо электигин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков  Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген макамы алынгандан кийин тергөө органдары ишти эмнеден баштай турганына кызыкты.

"Экс-президент макамы алынгандан кийин анын кесепеттери кандай болот?" — деп Артыков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.

Жамшитов бардык иштер мыйзам талаасында, Жазык-процесстик кодекстин чегинде жүрөрүнө токтолду.

Жамшитов Атамбаевге коюлган айыптар боюнча кандай корутунду чыкканын айтты
"Эгерде токтом кабыл алынып, экс-президенттин статусу алына турган болсо, тергөө органына чакырылат. Мыйзам боюнча ал көрсөтмө бергенге да, бербегенге да акылуу. Бирок кылмыш иштин материалдары боюнча, Атамбаевге күбөлөрдүн түзмө-түз берген көрсөтмөлөрү бар. Ошолор боюнча Атамбаев өзүнүн түшүндүрмөсүн берүүсү керек. Өзүнүн мыйзамдуу өкүлү менен келсе болот, адвокат жалдаса болот", — деди Жамшитов.

Ал ошондой эле бүгүнкү күнү экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн иш козголбогонун айтты.

"Тергөө аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин Атамбаевге айыбын угузуу боюнча жетиштүү далилдер табылса, башкы прокурор кылмышка шектүү деген билдирме берген күндөн баштап кылмыш иши козголду деп эсептелет. Азырынча биз ал процедураларга жете элекпиз", — деди ал.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаевге коюлган айыптар боюнча баяндама жасады.